Кыргызстандык боксчулар Кытайдагы эл аралык мелдеште 7 медаль утту. Анын үчөө алтын
10 октябрь

Кыргызстандык боксчулар Кытайдагы эл аралык мелдеште 7 медаль утту. Анын үчөө алтын

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн эл аралык мелдеште жалпы 7 медаль жеңди. Анын үчөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Алтын медаль уткандар: 

  • Анвар Хожиев (48 кг),
  • Алмаз Орозбеков (63,5 кг) .
  • Санжай Сейдакматов (57 кг).

Коло байге ээлери:

  • Ислам Төрөбаев (57 кг),
  • Мирзахид Имамназаров (63,5 кг),
  • Сагын Сатыбалды уулу (80 кг),
  • Бакыт Токтосун уулу (92 кг).

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.