
Каратэ сётокан боюнча курама эл аралык мелдеште 16 медаль жеңди
Кыргызстандын каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү MURAKAMI CUP эл аралык мелдешинде жалпы 16 медаль жеңди. Анын 9 алтын, 5 күмүш жана экөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Казакстандын Шымкент шаарында 18-20-октябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 30 спортчу катышты.
Алтын медалдын ээлери:
- Эмирлан Рабшанов (8-9 жаш, кумитэ 35 кг);
- Атабек Эсеналиев, Адил Майрамбеков (8-9 жаш, командалык оюндар);
- Ясмина Жолоева (8-9 жаш, кумитэ 30 кг);
- Жанер Майрамбеков (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
- Самуил Койчубеков (16-17 жаш, кумитэ +60 кг);
- Батырхан Мукайбеков (18-20 жаш, кумитэ 65 кг);
- Абдибек Апсатаров (21-39 жаш, кумитэ 75 кг);
- Нурлан Асанов (45-49 жаш, кумитэ АБС);
- Мирлан Утуров (45-49 жаш, ката).
Күмүш медалдын ээлери:
- Атабек Эсеналиев (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
- Наима Эркинбекова, Канышай Жыргалбекова (10-11 жаш, командалык оюндар);
- Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш, ката);
- Арууке Эргешова, Айбийке Камалова (12-13 жаш, командалык оюндар);
- Жаңылмырза Корчубекова (16-17 жаш, ката).
- Коло медалдын ээлери:
- Эдилбек Сулайманов, Азирет Муканбетов (10-11 жаш, командалык оюндар);
- Кенжегүл Кыдыралиева (60-65 жаш, кумитэ АБС).
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Иннокентий Ан жана машыктыруучулар Мирлан Утуров, Кенжегүл Кыдыралиева жана Абдибек Апсатаровдун жетекчилиги астында катышты.