Каратэ сётокан боюнча курама эл аралык мелдеште 16 медаль жеңди

Каратэ сётокан боюнча курама эл аралык мелдеште 16 медаль жеңди

Кыргызстандын каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү MURAKAMI CUP эл аралык мелдешинде жалпы 16 медаль жеңди. Анын 9 алтын, 5 күмүш жана экөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Мелдеш Казакстандын Шымкент шаарында 18-20-октябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 30 спортчу катышты.

Алтын медалдын ээлери:

  • Эмирлан Рабшанов (8-9 жаш, кумитэ 35 кг);
  • Атабек Эсеналиев, Адил Майрамбеков (8-9 жаш, командалык оюндар);
  • Ясмина Жолоева (8-9 жаш, кумитэ 30 кг);
  • Жанер Майрамбеков (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
  • Самуил Койчубеков (16-17 жаш, кумитэ +60 кг);
  • Батырхан Мукайбеков (18-20 жаш, кумитэ 65 кг);
  • Абдибек Апсатаров (21-39 жаш, кумитэ 75 кг);
  • Нурлан Асанов (45-49 жаш, кумитэ АБС);
  • Мирлан Утуров (45-49 жаш, ката).

Күмүш медалдын ээлери:

  • Атабек Эсеналиев (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
  • Наима Эркинбекова, Канышай Жыргалбекова (10-11 жаш, командалык оюндар);
  • Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш, ката);
  • Арууке Эргешова, Айбийке Камалова (12-13 жаш, командалык оюндар);
  • Жаңылмырза Корчубекова (16-17 жаш, ката).
  • Коло медалдын ээлери:
  • Эдилбек Сулайманов, Азирет Муканбетов (10-11 жаш, командалык оюндар);
  • Кенжегүл Кыдыралиева (60-65 жаш, кумитэ АБС).

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Иннокентий Ан жана машыктыруучулар Мирлан Утуров, Кенжегүл Кыдыралиева жана Абдибек Апсатаровдун жетекчилиги астында катышты.