Кайыркүл Шаршебаева Венгриядагы рейтингдик мелдештин коло байгесин жеңди
20 июль

Кайыркүл Шаршебаева Венгриядагы рейтингдик мелдештин коло байгесин жеңди

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» аттуу эл аралык рейтингдик мелдеште Кыргызстандын балбаны Кайыркүл Шаршебаева коло медаль жеңип алды.

72 кг чейинки салмак категориясында беттештер айлампа системасы боюнча өттү. Биринчи айлампада кыргызстандык балбан Казакстандын өкүлү Жамиля Бакбергеновага 0:10 эсебинде утулду. Экинчи айлампада Польшанын спортсмени Виктория Холуйга 0:11 эсебинде жеңилип калды.

Үчүнчү айлампада Кайыркүл Шаршебаева Индиянын өкүлү Дикше Маликти 8:2 эсебинде ишенимдүү жеңип, жыйынтыгында эл аралык рейтингдик мелдештин коло медалына ээ болду.

«Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» рейтингдик мелдеши Будапешт шаарында уланууда.