Испаниянын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпиону болду
сүрөт: Chris Brunskill/Fantasista/Getty Images
20 июль

Испаниянын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

АКШ, Канада жана Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Испаниянын курама командасы Аргентинаны жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Ист-Ратерфорд шаарындагы «Метлайф» стадионунда өткөн беттеш кошумча убакыттан кийин оюн 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Жалгыз голду 106-мүнөттө Ферран Торрес киргизди.

93-мүнөттөн тарта Аргентинанын курама командасы бир оюнчуга кем ойноду. Жарым коргоочу Энцо Фернандес Пау Кубарсиге каршы эреже бузганы үчүн экинчи сары айып кагазын алып, оюндан четтетилди.

Негизги убакытта эки команда тең эсепти ача алган жок. Биринчи таймда командалар болгону үч жолу сокку узатып, бул турнирдеги оюндар арасындагы эң төмөнкү көрсөткүч болду.

Аргентинанын курама командасы негизги 90 мүнөт ичинде Испаниянын дарбазасына бир да жолу так сокку узата алган жок. Бул дүйнө чемпионаттарынын финалдарынын тарыхында биринчи жолу катталды.

Испания дүйнө чемпиондугун өз тарыхында экинчи жолу жеңип алды. Алгачкы титулун команда 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнө чемпионатында багындырган.

Аргентина 2022-жылы жеңген чемпиондук наамын коргоп, төртүнчү жолу дүйнө чемпиону болууга аракет кылды. Буга чейин бул команда 1978, 1986 жана 2022-жылдары дүйнө чемпиону болгон.

Бул Аргентинанын тарыхындагы жетинчи дүйнө чемпионатынын финалы болду. Финалга андан көп чыккан жалгыз команда — Германия, ал сегиз жолу чечүүчү беттеште ойногон.