президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү
7 апрель
Нарын облусунда 48 кичи футбол аянтчасы курулат
Мамлекет башчысынын демилгеси менен 2026-жылы президенттин фондунан Нарын облусуна жалпы 48 кичи футбол аянтчасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, калктын спортко кызыгуусун арттыруу, саламаттыгынын чың болушуна өбөлгө түзүү максатында ар бир айылга кичи футболдук аянтчаларды салуу иштери жүргүзүлүүдө.
