Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү үчүн өзүнүн фондунан 100 миллион сом бөлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 сентябрь

Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү үчүн өзүнүн фондунан 100 миллион сом бөлдү

«2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 Жарлыгы менен шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына кол койду.

Жарлыктын максаты эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап базаны түзүү, шыктуу спортчуларды системалуу колдоо болуп саналат.

Жарлык менен төмөнкүлөр каралууда:

1) «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесин түзүү жөнүндө «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин демилгесин колдоого алуу;

2) Жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн спортчуларга, ошондой эле машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, инвентарь сатып алуу жана «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү үчүн сыйлоо түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары белгиленген.

Ошону менен бирге, жогоруда белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 Жарлыгы менензаманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 100 000 000 (жүз миллион) сом бөлүү менен Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.