Акжол Махмудов VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын утту
Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында Акжол Махмудов 77 кг салмак категориясында күч сынашып, финалда Ирандын балбаны Амир Абдини 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
Эске салсак, Акжол Махмудов 2021-жылы өткөн Ислам шериктештиги оюндарынын да жеңүүчүсү болгон.
