Футзал боюнча Азия кубогу 2026: бүгүн Кыргызстандын Улуттук курама командасы Иракка каршы ойнойт
Бүгүн, 27-январда, Индонезиянын борбору Жакарта шаарында футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогу старт алат. Старттык тур алкагында Кыргызстандын Улуттук курама командасы Иракка каршы кез келет. Беттеш «Индонезия Аренасынын» оюн аянтчасында орун алат.
Белгилесек, Нуржан Джетыбаев жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «А» тайпасында турнир ээси Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея курамалары менен күч сынашат. Жалпысынан Азия биринчилигине континенттин 16 мыкты курама командасы катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн. Тайпалык этаптын жыйынтыгында 1 жана 2-орундарды ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгышат.
Иракка каршы беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до башталат.
Белгилей кетсек, түз алып берүүлөр УТРК Спорт жана Kyrgyz Sport TV каналынын Неотелеком, Акнет, Мегалайн кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.
Оюндардын жүгүртмөсү:
27-январь, 14:00
Ирак – Кыргызстан
29-январь, 18:00
Индонезия – Кыргызстан
31-январь, 18:00
Кыргызстан – Түштүк Корея
