Аксы районунун Кербен шаарында жаңы спорт зал курулууда
Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал айылында заманбап спорт залдын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн облус башчысы жаштарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Курулуш иштерин “Кайрат Строй Кей Джи” компаниясы жүргүзөт. Долбоордун тендердик баасы 28 миллион 856 миң сом деп бааланган. Анын 26 миллион 170 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан, калган каражат жергиликтүү бийлик жана айыл тургундардын колдоосу менен ишке ашырылууда.
