Төрага Монголиянын жана Япониянын легендарлуу спортчусу Хакухо Сё менен жолугушту
3 октябрь

Төрага Монголиянын жана Япониянын легендарлуу спортчусу Хакухо Сё менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 3-октябрда Монголиянын жана Япониянын легендарлуу спортчусу, сумо боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Хакухо Сё баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров да катышты.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу соңку жылдары Кыргызстан спорт тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

“Өлкөнү өнүктүрүүдө коомдун саламаттыгы негизги ролду ойнойт. Ошондон улам сергек жашоо образын жайылтып, жарандардын ден соолугун чыңдоо багытында көптөгөн спорттук жайлар салынууда. Мындан тышкары, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып, спортчуларыбыздын тажрыйбасын арттыруу аракети да жигердүү улантылууда”, – деди ал.

Муну менен катар төрага сумо менен алектенген кыргыз спортчулары үчүн Хакухо Сёдой легендарлуу спортчулардын өмүр жолу чоң сабак экенин айтты.

“Эзелтен эриш-аркак жашаган монгол элинин сыймыктуу уулу, ошол эле учурда көп жылдан берки өнөктөшүбүз саналган Жапониянын мыкты спортчусу катары сизди кыргыз эли жакшы билет. 1968-жылдагы олимпиадада чоң ийгиликтерди жараткан атаңыздын жолун улап, сиз да 14 жыл бою чемпиондукту бербей келдиңиз. Андыктан, биздин жаш спортчуларыбыз тажрыйбасы мол, атактуу сумочу катары сизден тажрыйба алып, ыкмаларыңыздан үйрөнүүгө кызыкдар”, – деп кошумчалады төрага.

Ошондой эле мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодо, маданий-гуманитардык алакалардын, анын ичинен спорт тармагындагы кызматташтыктын ролу арбын экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу аталган багытта биргелешип иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

“Япония менен да, Монголия менен да саясий-экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз. Алардын катарында маданий байланыштарды да өнүктүрүп, спорт жаатында да биргелешкен иш-чараларды уюштуруубуз кажет. Кийинки жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Аталган эл аралык мелдешке өзүңүз баштаган легендарлуу спортчулардын да катышып кетүүсүн күтөбүз”, – деди.

Өз кезегинде Хакухо Сё жылуу кабыл алганы үчүн төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, өзүнүн өмүр жолу, спорттогу ийгиликтери тууралуу учкай кеп кылды.

Ошону менен катар өткөн айда сумо боюнча Таиландда өткөн мелдеште кыргыз спортчулары татыктуу оюн көрсөткөнүн эске салып, кыргызстандыктардын аталган багытта келечеги кең экенине ынанганын билдирди.

“Кыргызстанга алгачкы жолу келишим. Аба майдандан түшөр менен меймандос элиңиздерге жана кооз табиятыңыздарга карап жакындыкты сездим. Андыктан мен дагы кыргыз спортчулары менен тажрыйба алмашып, тыгыз иш алып барууга кызыкдармын”, – деди Хакухо Сё.