Кыргыз футбол биримдигинин Техникалык комитетинин жыйыны өттү
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 20-январда КФБнын Техникалык комитетинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Техникалык комитеттин мүчөлөрү жана КФСтин Техникалык бөлүмүнүн адистери катышты.
Жыйындын күн тартибинде КФСтин техникалык бөлүмүнүн 2024-жыл үчүн отчету, 2025-жылга карата иш-чаралардын жана мелдештердин реестри кароодон өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдагы техникалык бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.
Комитеттин мүчөлөрү берилген материалдарды деталдап талкуулап, өткөн жылдагы бир катар пландалган иш-чаралардын ийгиликтүү аткарылганын белгилешти.
