«Мурас Юнайтед» жана «Регар-Тадаз» клубунун беттеши тең чыгуу менен аяктады
Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын алкагында ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу алгачкы беттешин Тажикстандык «Регар-Тадаз» клубуна каршы өткөрүп, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, «Мурас Юнайтед» бул турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси катары катышуу укугун алган. Ата мекендик клуб «С» тайпасында «Регар-Тадаз» (Тажикстан), «Сафа» (Ливан) жана «Аль-Араби» (Кувейт) клубдары менен бирге орун алды.
Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышат. Алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыгат.
Белгилей кетсек, 28-октябрда клуб Ливандын “Сафа” клубу менен, ал эми 31-октябрда Кувейттин “Ал-Араби” клубу менен күч сынашат.
