VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спорттун жаңы түрлөрү кошулду
15 январь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спорттун жаңы түрлөрү кошулду

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев ат спорту түрлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) өзөгү бойдон калып, көрүүчүлөрдүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң чоң кызыгуусун жаратып келе жатканын белгиледи.

«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндардын программасына салттуу көк бөрү менен катар көкпар оюнун киргизүү чечими кабыл алынды. Биз ар дайым спорт саясаттан тышкары экенин баса белгилейбиз, ал эми этномаданият жана этноспорт — биздин негизги максатыбыз. Көкпар боюнча мелдештерге да улуттук командаларыбыз катышат», — деди Молдажиев.

Ал ошондой эле ДКОнун жыйынтыгы боюнча алгачкы жолу «Улуу көк бөрү оюнчусу» жана «Улуу көк бөрү аты» аныкталарын кошумчалады.

Анын айтымында, бул коомчулуктун кызыгуусун арттырып, спортчулар үчүн кошумча дем болот. Ошол эле учурда көк бөрүдө клубдук командалар форматы сакталбайт — мелдештер салттуу тартипте өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Якутия жана Бурятия элдеринин улуттук күрөш түрлөрү да оюндардын программасына киргизилгенин билдирди.

«Бул аймактар оюндарга чоң кызыгуу көрсөтүп келет, ал эми Россиядан келген делегациялар салттуу түрдө эң ири делегациялардын катарында болот», — деп белгиледи ал.

Оюндардын программасына спорт түрлөрүн киргизүүдөгү негизги критерий — алардын тарыхый баалуулугу болуп саналат. Башкача айтканда, заманбап форматтарга эмес, байыркы жана салттуу спорт түрлөрүнө артыкчылык берилет.

«Спорт баарын бириктирет. Этномаданиятты жана этноспортту өнүктүрүүдө лидер болгон Кыргызстан бул биримдикти даана көрсөтүшү керек», — деп жыйынтыктады Казыбек Молдажиев.