Ысык-Көлдө улуттук ат чабыш турнири өтөт
14 июль

Ысык-Көлдө улуттук ат чабыш турнири өтөт

Ысык-Көлдүн борбордук ат майданында 26-июлда улуттук “Мурас” ат чабыш турнири өтөт, деп билдирет КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, турнир улуттук ат оюндарын, этно маданиятты жана шоу-программаны өзүнө камтыйт.

Конокторду:

  • кызыктуу жана таймаштуу ат чабыштар;
  • баатырлардын күч сынашуусу;
  • көчмөн элдин тарыхый маданиятын чагылдырган этно-дефилелер;
  • кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерттик программа күтөт.

Иш-чара саат 15:30 башталат, ал эми концерттик бөлүк — 18:00дө.

Кирүү акысыз. Орундар чектелүү.