Дене тарбия жана спорт жаатында эмгектенген кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү
6-апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, спорт тармагында үзүрлүү эмгек кылган кызматкерлер сыйланды.
Аталган иш-чара Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев катышып, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар сыйлыктарды тапшырды.
Ак ниет эмгеги жана дене тарбия спорт тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 35 кызматкер атайын Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, 14 кызматкерге “Спорттун мыктысы”, ал эми 9 кызматкерге “Спорттун ардагери” наамдары ыйгарылды.
“Спорттун мыктысы” наамынын ээлери:
1. Дуйсембаев Абай Рыспекович
2. Акамбаева Айнура Жамалдиновна
3. Сулайманова Эльмира Мелисовна
4. Мойдунов Сталбек Мырзажанович
5. Майкаданов Элмир Турдубекович
6. Атабаев Эрлан Темирбекович
7. Оруналиева Назгүл Медетбековна
8. Бакиров Келдибек Эркинбекович
9. Өмүрбеков Улукбек Нарынбекович
10. Кочкаров Шухрат Рахимович
11. Надырбек уулу Улан
12. Сатаева Нуржан Коңшубековна
13. Кайырбек кызы Нургүл
14. Самакова Мээрим Тилекматовна
“Спорттун ардагери” наамынын ээлери:
1. Бегалиев Расулбек Назимович
2. Васильев Александр Николаевич
3. Рыскулов Бактыбек Джамшитович
4. Чоконоев Жыргалбек Акылбекович
5. Мойдунов Сталбек Мырзажанович
6. Чокоев Сагынбай Маматкасымович
7. Байтереков Түгөлбай Шерипбаевич
8. Оторбаев Желденбай Мажикович
9. Бейшеналиева Дамира Медетбековна
