Мухаммадрасул Кадирдинов III Өспүрүмдөр Азия оюндарында күмүш медаль жеңди
Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Мухаммадрасул Кадирдинов ММА (аралаш мушташ өнөрү) боюнча экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль жеңди.
Ал 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
ММА боюнча беттештер Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өттү.
III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жыйынтыгында Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы жалпы үч медаль жеңди - бирөө күмүш, экөө коло.
