Кыргызстандын балбан кыздары Венгриядагы рейтингдик мелдеште күмүш жана коло медаль жеңишти
19 июль

Кыргызстандын балбан кыздары Венгриядагы рейтингдик мелдеште күмүш жана коло медаль жеңишти

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» аттуу эл аралык рейтингдик мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Мээрим Жуманазарова жана Гүлнура Таштанбекова байгелүү орундарды камсыздашты.

Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде Германиянын өкүлү Лаура Келерди 8:0 эсебинде жеңди. 1/8 финалда Казакстандын балбаны Ирина Казюлинаны 4:0 эсебинде мөңгүгө (тушеге) жыгып, чейрек финалда россиялык Алина Шевченкону 9:1 эсебинде утту. Жарым финалда венгриялык Ноэми Сабалосту 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ал эми финалдык беттеште кытайлык Цзя Лонгго 0:4 эсебинде утулуп, күмүш медалдын ээси болду.

Гүлнура Таштанбекова 65 кг чейинки салмак категориясында мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде швециялык Агнес Нюгренди 12:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Женнифер Пейдж Роджерске утулуп калды. Коло медаль үчүн беттеште чилилик Вирджиния Хименес Фернандести 8:2 эсебинде ишенимдүү жеңип, мелдештин коло байгесине ээ болду.