Кочкор районунда жаңы спорт зал курулууда
2 июль

Кочкор районунда жаңы спорт зал курулууда

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында жайгашкан Соң-Көл орто мектебинин спорт залынын курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбооp 2024-жылы ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Спорт залдын жалпы аянты 397 м²ди түзөт.

Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.