Азиянын пляждык оюндары. Кыргызстандык спортчу коло медаль утту
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
29 апрель

Азиянын пляждык оюндары. Кыргызстандык спортчу коло медаль утту

Бүгүн, 29-апрелде Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азиянын пляждык оюндарында Адис Рахат уулу пляждык күрөш боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ал алгачкы үч беттешин топтук күрөшүү менен баштаган. Жогорку упай чогултканы үчүн чейрек финалга чыгып, каршылашы Бангладештик Хоссан Жувелди 2:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда Ирандык спортсмен Зароуди Алиакбарга 0:1 эсебинде утулуп калган.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште Пакистандык Абдуллах Мухаммадды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, Азиянын пляждык оюндары 30-апрелге чейин уланат