Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Австралиянын курамасы Түркияна жеңди
2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы сенсацияларынын бирин Австралиянын курама командасы жаратып, D тайпасындагы биринчи турдагы беттеште Түркияны 2:0 эсебинде жеңди.
Австралиялыктар эсепти 27-мүнөттө ачышты. Чабуулчу Нестори Иранкунда ыкчам каршы чабуулга чыгып, коргоочуну алдап өтүп, топту дарбазачыдан таамай ашырып киргизди.
Өткөрүп жиберген голдон кийин түрк футболчулары демилгени өз колуна алып, беттештин басымдуу бөлүгүндө топко ээлик кылышты. Алар Австралиянын дарбазасына бир нече кооптуу чабуулдарды уюштурганы менен мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок. Ал эми Австралиянын дарбазачысы Патрик Бич бир нече ирет командасын голдон сактап калды.
75-мүнөттө Коннор Меткалф айып аянтчасынан сырттан так сокку узатып, Австралиянын артыкчылыгын бекемдеди.
Бул жеңиштен кийин Австралия үч упай топтоп, буга чейин Парагвайды 4:1 эсебинде ири жеңген АКШнын курама командасы менен упай санын теңеди.
Экинчи турда 19-июнда АКШ Австралия менен беттешсе, Түркия 20-июнда Парагвайга каршы оюн өткөрөт.
