Грэпплинг ADCC боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
10 май

Грэпплинг ADCC боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды

“Газпром балдарга” дене тарбия - ден соолукту чындоо комплексинде 10-майда Грэпплинг ADCC боюнча жаш өспүрүмдөр жана чоңдор арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Самат Эркинбеков, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортсмендер катышып, жеңүүчүлөр Азия чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Турнирдин максаты Грэпплинг спорт түрүн өнүктүрүү, спортсмендердин арасында тажрыйба алмашуу жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге мыктыларды тандоо.