Жалал-Абад: Шамалды-Сай стадиону эл аралык стандарттарга ылайык жаңыланды
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин заман талабына ылайык толугу менен жаңыланды. Капиталдык реконструкция иштери Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.
Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралып, жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.
Жаңы стадиондо эл аралык стандарттарга жооп берген, аянты 6 661 чарчы метр болгон футбол талаасы, 3 393 чарчы метрди түзгөн жеңил атлетикага арналган чуркоо жолу, 2 400 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар жана административдик корпус курулду.
Реконструкция иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун ар бир этабы техникалык талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Шамалды-Сай стадиону 1959-жылы курулуп, ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык реконструкциядан өткөн эмес.
