Кубаныч Шаршенбаев III Өспүрүмдөр Азия оюндарында коло медаль жеңди
Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Кубаныч Шаршенбаев ММА (аралаш мушташ өнөрү) боюнча коло медаль жеңди.
Кубаныч Шаршенбаев 75 кг салмак категориясында күч сынашты.
ММА боюнча беттештер Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өттү.
