Кыргызстандык балбан кыздар Азия чемпионатынан кайтып келишти
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди.
Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алды.
Эске салсак, 76 кг чейинки салмакта катышкан Айпери Медет кызы алтын медалга жана 62 кг чейинки салмак категориясында Калмира Билимбек кызы коло медалга ээ болушкан.
Улуттук курам башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
