Азия оюндары-2026: Кыргызстандын U-23 курамасы Жапонияда
Кыргызстандын футбол боюнча U-23 жаштар курамасы 2026-жылдагы Азия оюндарына катышуу үчүн Жапонияга келди.
Курама команда ага чейин 7-сентябрдан тартып Кытайдын Сучжоу шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү. Команда машыгууларды жүргүзүп, алдыдагы оюндарга даярдык көрүштү.
Башкы машыктыруучу Надыр Мамадалиев жетектеген Кыргызстандын курамасынын Азия оюндарына катышуучу тизмесине 25 футболчу кирди.
Кыргызстан тайпалык баскычта Жапония, Таиланд жана Гонконг курамалары менен бир тайпада ойнойт.
16-сентябрь
Кыргызстан — Таиланд
20-сентябрь
Япония — Кыргызстан
23-сентябрь
Гонконг — Кыргызстан
Кыргызстандын жаштар курамасы үчүн маанилүү мелдештердин бири.
