Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” жарышына кайсы белгилүү инсандар келиши мүмкүн?
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” жарышына кайсы белгилүү инсандар келиши мүмкүн?

Ысык-Көлдө өтө турган суудагы "Формула-1" жарышына белгилүү актерлор Джеки Чан жана Жан-Клод Ван Дамм келиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди.

Анын айтымында, федерация эл аралык суу-мотор жарыштарына дүйнөлүк жылдыздарды чакыруу боюнча иш алып барууда. Джеки Чанга Кыргызстанга келүүгө буга чейин бир нече жолу чакыруу жөнөтүлгөн, бирок азырынча актердон акыркы ырастоо келе элек.

Абылкасымов белгилегендей, Джеки Чандын иш графиги өтө тыгыз болгондуктан, уюштуруучулар анын жообун күтүүнү улантып жатышат жана актердун келери тууралуу азырынча так айта алышпайт.

Мындан тышкары, Жан-Клод Ван Дамм менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Федерациянын башчысынын айтымында, Мадрид шаарында актер макулдугун берген учурда аны Кыргызстанга алып келе турган учак даяр турат.

Ошондой эле уюштуруучулар мелдештин кийинки этаптарынын бирине белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну чакырууну да пландап жатышкан.