"Ала-Тоо Резортто" фрирайд боюнча эл аралык турнир өтөт
22 декабрь

"Ала-Тоо Резортто" фрирайд боюнча эл аралык турнир өтөт

2026-жылдын 15-16-17-январь күндөрү "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге фрирайд боюнча турнир өткөрөт.

Ишканадан билдиришкендей, 15-январь күнү даярдык катары Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Ал эми 16-январь күнкү негизги мелдеш жаңы курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында болот.

Турнирге Кыргызстандык өкүлдөр менен катар эле 20га чукул мамлекеттен келген лыжа сүйүүчүлөр: жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй лыжачылар жана аялдар арасында категорияларында күч сынашат.