Көк бөрү жана көкпар: Көчмөндөр оюндарынын башкы ат майданында мелдештер качан өтөт?
22 август

Көк бөрү жана көкпар: Көчмөндөр оюндарынын башкы ат майданында мелдештер качан өтөт?

«Көк бөрү» ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу жана көрүүчүлөрдү тарткан ат оюндарынын бири болгон көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтөт.

Мелдештер 2-сентябрда башталат. Саат 09:00дөн 11:00гө чейин көкпар боюнча, 11:00дөн 14:00гө чейин эр эңиш боюнча, ал эми 14:00дөн 18:00гө чейин көк бөрү боюнча оюндар өткөрүлөт.

Ушундай эле программа 3-сентябрга да пландалган.

4 жана 5-сентябрда да мелдештер эртең менен көкпар менен башталат. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин эр эңиштин ордуна тыйын эңмей боюнча мелдеш өтөт. Андан соң 14:00дөн 18:00гө чейин көк бөрү боюнча оюндар уланат.

Башкы беттештер 6-сентябрда өтөт. Саат 11:00дөн 13:00гө чейин көкпар боюнча финалдык мелдештер, ал эми 14:00дөн 16:00гө чейин көк бөрү боюнча финал өткөрүлөт.

2–5-сентябрда мелдештерге кирүү акысыз. Ал эми 6-сентябрдагы финалдык оюндарга кирүү үчүн билет талап кылынат.