Эркин күрөш (U-20): Кыргызстандын атынан 9 балбан өлкө намысын коргойт
17 август

Эркин күрөш (U-20): Кыргызстандын атынан 9 балбан өлкө намысын коргойт

Үстүбүздөгү жылдын 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат.

Ушул жылы мелдешке былтыркы турнирге катышкан 186 балбан кайрадан келди. Алардын катарында эркин күрөштө – 11 медаль ээси, анын ичинде 1 чемпион, грек-рим күрөшүндө – 10 медаль ээси, алардын үчөө былтыркы чемпиондор, кыз-келиндер күрөшүндө – 17 медаль ээси жана үчөө чемпион наамын коргогону келет.

Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.

Кыргызстандын курамасы – эркин күрөш (U-20):

  • Баяман Керимбеков - 57 кг;
  • Аскат Токтоматов - 61 кг;
  • Өмүрбек Асан уулу - 65 кг;
  • Залкарбек Табалдиев - 70 кг;
  • Адилет Акылбеков - 74 кг;
  • Максат Табылдиев - 79 кг;
  • Элнур Акыбаев - 86 кг;
  • Айтеңир Максатов - 97 кг;
  • Жаргалан Будажапов - 125 кг.

Улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Алмазбек Аскаров.