Аксыда майыптыгы бар жарандардын XV облустук спартакиадасы өтүүдө
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 25-сентябрда майыптыгы бар жарандардын XV облустук спартакиадасы башталды.Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун район, шаарларынан келген 184 катышуучу спорттун 8 түрү боюнча күч сынашууда.
Спартакиаданын негизги максаты — майыптыгы бар жарандардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү жана спорт аркылуу биримдикти бекемдөө болуп саналат.
Мелдештердин жалпы байге фонду 404 миң сомду түзөт. Анын 220 миң сому КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн. Калган сумма Аксы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан каралган.
Мындан тышкары, облустук спорт комитети тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө сыйлык фонду бөлүнүп, спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар диплом, кубок жана медалдар менен сыйланат.
