Бишкекте салттуу тай боксу республикалык чемпионат өтүүдө
Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 19-сентябрда салттуу муай тай (тай бокучу) боюнча Кыргызстандын чемпионатынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эмиль Заярко, Салттуу Муай Тай федерациясынын президенти Сыргак Айталиев, калыстар, машыктыруучулар, спортчулар жана бул спорт түрүнүн күйөрмандары катышты.
Чемпионатка Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 400 спортчу катышууда.
Мелдештер төмөнкү жаш курактык жана салмактык категорияларда өтүүдө:
Эркектер арасында:
- Балдар 8-9 жаш: 21 кг, 23 кг, 25 кг, 27 кг, 29 кг, 31 кг, 33 кг, 35 кг, 37 кг, 39 кг, 39+ кг.
10-11 жаштагы өспүрүмдөр:
- 30 кг, 33 кг, 36 кг, 39 кг, 42 кг, 45 кг, 48 кг, 51 кг, 51+ кг.
12-13 жаштагы кадеттер:
- 33 кг, 36 кг, 39 кг, 42 кг, 45 кг, 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 60+ кг.
14-15 жаштагы юниорлор:
- 39 кг, 42 кг, 45 кг, 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63.5 кг, 67 кг, 67+ кг.
16-17 жаштагы юниорлор:
- 45 кг, 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63.5 кг, 67 кг, 71 кг, 71+ кг.
18 жаштан жогорку эркектер (чоңдор арасында):
- 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63.5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 81 кг, 86 кг, 91 кг, 91+ кг.
Кыз-келиндер арасында:
9 жашка чейинки кыздар:
- 30 кг, 34 кг, 36 кг, 42 кг, 46 кг.
13 жашка чейинки кыздар:
- 35 кг, 38 кг, 42 кг, 46 кг, 50 кг, 54 кг, 58 кг, 58+ кг.
17 жашка чейинки кыздар:
- 40 кг, 45 кг, 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 65+ кг.
18 жаштан жогорку кыз-келиндер (чоңдор):
- 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63.5 кг, 67 кг.
Мелдештер WMF – Дүйнөлүк муай тай Федерациясынын эрежелерине ылайык өтүүдө. Беттеш формуласы: 3 раунд × 3 мүнөт.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстанда Салттуу Муай Тай (Тайбокс) спорт түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле 2026-жылы өтө турган Дүйнө жана Азия чемпионаттарына катыша турган улуттук курама команданын курамын түзүү.
Чемпионат 21-сентябрда жыйынтыкталат.
