Азия чемпионаты: Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду
31 март

Азия чемпионаты: Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште Кытайлык балбанды 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалдык беттеште Кореянын балбанын 10:0 эсебинде утуп жарым финалга чыкты.

1/2 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулуп, Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.