Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
28 апрель
Бишкекте хоккей боюнча Азия кубогу башталды
Бишкек шаарындагы “Nomad arena” муз аянтчасында 27-апрелде хоккей боюнча 18 жашка чейинкилер арасында Азиянын кубогу старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана хоккей боюнча Эл аралык федерациянын вице- президенти Айваз Оморканов катышты.
Ачылуу аземинде бардык өлкөдөн келген командалардын парады өтүп, концерттик программа менен коштолду.
Турнирде Кыргызстан, Өзбекстан, Макао,(Кытай) Индонезия, Монголия жана Индиядан келген спортсмендер таймашат.
Азия кубогу 3-майга чейин уланат.
