Бишкекте оор атлетика боюнча турнир өтүүдө
13 июль

Бишкекте оор атлетика боюнча турнир өтүүдө

Бишкектеги “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде 12-июлда оор атлетика боюнча Кыргызстандын спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган жаш балдар жана кыздар арасында республикалык турнирдин салатанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясынын президенти Тариэл Абдыкадыров, маркум Митал Шариповдун үй-бүлөсү жана жакындары, ошондой эле оор атлетика спортунун күйөрмандары катышты.

Иш-чара Кыргызстандын жети дубанынан келген катышуучулардын парады менен башталды.

Ачылыш аземинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов сөз сүйлөп, турнирге катышкан бардык жаш спортчуларга ийгилик каалап, оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун ысымы улуттук спорт тарыхында унутулбай турганын белгилеп, мындай турнирлерди өткөрүү улантыларын билдирди.

Белгилей кетсек, турнир оор атлетика боюнча эл аралык эрежелерге ылайык өтүүдө.

  • Балдар 49 кг, 56 кг, 60 кг, 65 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 94 кг, 110 кг, +110 кг салмак категорияларында,
  • кыздар 48 кг, 53 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, +77 кг салмак ченинде катышууда.
  • Республикалык турнир 14-июлда аяктайт.