Караколдо эл аралык деңгээлдеги спорт шаарчасы курулууда. Орунтаев иштин жүрүшүн текшерди
Курулуш министрлиги
10 август

Караколдо эл аралык деңгээлдеги спорт шаарчасы курулууда. Орунтаев иштин жүрүшүн текшерди

Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда заманбап спорт шаарчасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, иштин жүрүшүнөн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кабар алган.

Аянты 12 гектарды түзгөн долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы 5000 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда объектте пайдубалдарды куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мейманкананын пайдубал балкаларын жана ресторандын мамыларын арматуралоо иштери уланууда. Ошондой эле бассейн курула турган аймакта жер казуу иштери башталды.

Долбоордун ишке ашырылышы спортчуларды даярдоо, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди уюштуруу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө шарт түзөт. Курулуш иштери “Кыргызкурулуш”мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.