www
24 март
Кыргызстандык боксчулар Монголияда өтчү Азия чемпионатына катышат
Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасы World Boxing версиясы боюнча өтө турган 2026-жылдагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 28-марттан 11-апрелге чейин Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтөт.
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын курамы:
- 50 кг чейин — Бекзат Эргешов;
- 55 кг чейин — Нурсултан Асанакунов;
- 60 кг чейин — Амантур Жумаев;
- 65 кг чейин — Мирзозид Имамназаров;
- 70 кг чейин — Элдар Турдубаев;
- 75 кг чейин — Атай Дамир;
- 85 кг чейин — Мухамадазиз Закиров;
- 90 кг чейин — Тыныстан Алыбаев.
Машыктыруучулар:
- башкы машыктыруучу — Данияр Тологон уулу;
- улук машыктыруучу — Улан Сагынбаев.
