Чолпон-Атада ШКУнун “Run the Silk Road – 2025” эл аралык марафону өттү
4 май

Чолпон-Атада ШКУнун “Run the Silk Road – 2025” эл аралык марафону өттү

3-майда Чолпон-Атада туристти сезондун ачылышынын алдында Шанхай Кызматташтык уюмунун «Run the Silk Road – 2025» эл аралык марафону өттү.

Салтанаттуу ачылышта катышуучулар менен коноктор куттуктоолор менен тосуп алынды. Иш-чара спортчулар үчүн гана эмес, ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоого жана элди сергек жашоого үндөөгө багытталган.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленди.

2024-жылы спорт тармагын каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 миллиард 141 миллион сомду түздү. Быйыл бул сумма 2 миллиард 445 миллион сомго жетиши күтүлүүдө.

Өлкөдө жаңы спорттук жайлар курулууда, алардын катарында ФИФАнын талаптарына жооп берген, Борбор Азиядагы эң чоң стадион да бар.

Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде мыкты жыйынтыктарга жетишип, 2024-жылы 835 медаль утуп келишти.

Кыргызстандын туристтик өлкө катары кадыры өсүүдө. Табияттын кооздугу жана элдин меймандостугу дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди өзүнө тартууда. Алардын арасында спортту жана активдүү эс алууну жактыргандар да бар.

Марафондо жөө күлүктөр 42,2 чакырым, 21,1 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыктарда жарышты. Ошондой эле скандинавиялык басуу да уюштурулду.