Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык көкпарчылар Монголияны ири эсепте утту
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 сентябрь

Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык көкпарчылар Монголияны ири эсепте утту

Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Көкпар боюнча мелдештер башталды.

Алгачкы беттеште Кыргызстан жана Монголия курама командалары күч сынашып, жыйынтыгында Кыргызстан командасы 12:1 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, мелдешке жалпы жети команда катышып, алар эки тайпага бөлүнгөн:

А тайпасы: Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Монголия.

В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Россия.