10 миң кадам эмес: окумуштуулар ден соолукка пайда алып келүүчү күнүмдүк кадамдардын санын аныкташты
Ден соолукка олуттуу пайда алуу үчүн күн сайын 10 миң кадам басуу шарт эмес. Күнүнө орточо 7 миң кадам басуу бир катар оорулардын коркунучун кыйла төмөндөтөрү аныкталган. Бул тууралуу KP.RU басылмасы The Lancet Public Health журналында жарыяланган ири изилдөөлөрдүн мета-анализине таянып жазды.
Окумуштуулар 160 миңден ашык эркек жана аялдын маалыматтарын талдашкан.
Күнүнө 2 миң кадам баскан адамдарга салыштырмалуу 7 миң кадам баскандар арасында бардык себептерден улам каза болуу коркунучу 47%га төмөн болгон.
Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучу 25%га, деменцияныкы 38%га, депрессияныкы 22%га, жыгылып кетүү коркунучу 28%га, ал эми экинчи типтеги кант диабетинин коркунучу 14%га азайганы аныкталган.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, күнүмдүк кадамдардын санын 5 миңден 7 миңге чейин көбөйтүү ден соолукка өзгөчө пайдалуу.
Ошол эле учурда күнүнө 4 миң кадам басуунун өзү кыймылсыз жашоо образына караганда кыйла жакшы. Андыктан аз кыймылдаган адамдар дароо эле 10 миң кадам басууга умтулбастан, күнүмдүк кыймыл-аракетин акырындап көбөйтсө болот.
Басуунун ылдамдыгы да маанилүү. Мүнөтүнө 90–100 кадам басуу кошумча пайда алып келиши мүмкүн. Мындай темпте адам басып баратып сүйлөй алат, бирок узак сүйлөмдөрдү айтуу кыйыныраак болот.
Демек, күнүнө 10 миң кадам басуу физикалык жактан активдүү адамдар үчүн жакшы максат бойдон калууда. Бирок ден соолукка байкаларлык пайда алуу үчүн андан азыраак кадам басуу да жетиштүү.
