Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстанда өткөн марафондо үч алтын медаль утту
31 октябрь

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстанда өткөн марафондо үч алтын медаль утту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Казакстандын Түркестан шаарында өткөн марафондо 5 медаль утту. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана бирөө коло. 

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Turkistan marathon 2024 марафону 27-октябрда өттү.

Алтын медалдын ээлери:

  • 21.1 км Нурсултан Кеңешбеков (01:02:48);
  • 21.1 км Айнуска Калил кызы (01:14:30);
  • 42 км 195 м Илья Тяпкин (02:19:29);

Күмүш медаль ээси:

  • 10 км Эламан Абылбеков (00:31:18);

Коло медаль ээси:

  • 42 км 195 м Жакшылык Турдубеков (02:22:37).