
Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстанда өткөн марафондо үч алтын медаль утту
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Казакстандын Түркестан шаарында өткөн марафондо 5 медаль утту. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана бирөө коло.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Turkistan marathon 2024 марафону 27-октябрда өттү.
Алтын медалдын ээлери:
- 21.1 км Нурсултан Кеңешбеков (01:02:48);
- 21.1 км Айнуска Калил кызы (01:14:30);
- 42 км 195 м Илья Тяпкин (02:19:29);
Күмүш медаль ээси:
- 10 км Эламан Абылбеков (00:31:18);
Коло медаль ээси:
- 42 км 195 м Жакшылык Турдубеков (02:22:37).