Түптө жаңы спорт зал пайдаланууга берилет
Түп районунун Күрмөнтү айылында жаңы курулган спорт зал колдонууга берилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Курулуш 2026-жылдын жарым жылдыгында бүткөрүлмөкчү.
Спорттук имараттын курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Жалпы сметалык баасы 34 млн. сомду түзөт.
Спорт залда бардык шарттар каралган: жуунучу жайлар, ички дааратканалар, машыгуучу жана чечинүүчү бөлмөлөр.
