Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
1 июнь

Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

Испаниянын Аликанте шаарында 1–13-июнь күндөрү таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортсмендер арасында парашахмат боюнча IPCAнын (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы) 25-жеке дүйнө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, аталган мелдешке Кыргызстандын парашахмат боюнча улуттук курама командасы катышат.

Дүйнө чемпионатына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты спортчулар катышып, күч сынашат.

Кыргызстандын парашахмат боюнча улуттук курама командасынын курамы:

  • Тилеген Рахатбеков - спортчу;
  • Кубанычбек Ибраимов - спортчу;
  • Айнура Алеева - коштоочу, сурдокотормочу;
  • Эрмек Мукашев - команданын жетекчиси жана коштоочу.