Кыргызстанда спорт федерацияларын каржылоо алардын жыйынтыгына жараша көбөйтүлөт
сүрөт: depositphotos.com
29 октябрь

Кыргызстанда спорт федерацияларын каржылоо алардын жыйынтыгына жараша көбөйтүлөт

Кыргызстанда спорт федерацияларын каржылоону алардын көрсөткөн жыйынтыктарына тыгыз байланыштырууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, натыйжалуу иштеп, спортчулардын жогорку жетишкендиктерин камсыздаган федерациялар мамлекеттин олуттуу колдоосуна ээ болушу мүмкүн.

Ал эми жыйынтык көрсөтпөгөн уюмдарга тиешелүү талаптар коюлат.

Асанбаев белгилегендей, мамлекет спортчуларды даярдоого каражат бөлүп, федерациялардан коюлган милдеттердин аткарылышын күтөт.

Бул ыкма 2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында өзгөчө мааниге ээ. Спорт тармагынын алдына Олимпиадага 24төн 30га чейин жолдомо алуу милдети коюлган.

Мамлекеттик агенттик Олимпиадага жолдомо алууга жана жогорку жыйынтык көрсөтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар спорт түрлөрү боюнча спортчуларды даярдоого толук колдоо көрсөтүүнү көздөп жатат.