Кыргызстандын Дене тарбия агенттигинин бюджети 2027-жылы 3,5 млрд сомго жеткирилет
Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бюджетин 2027-жылы болжол менен 3,5 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу мекеменин директору Урмат Асанбаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы агенттиктин өзүнүн бюджети болжол менен 2,5 млрд сомду түзөт. Ал эми быйыл өлкөнүн спорт тармагына жалпысынан 3 млрд 684 млн сом бөлүнгөн.
Асанбаев белгилегендей, мамлекеттик каржылоо спортчуларды даярдоого, машыктыруучулардын ишине, улуттук курама командалардын эл аралык мелдештерге катышуусуна жана спорттук базаны өнүктүрүүгө жумшалат.
Өзгөчө көңүл спорттук инфраструктурага бурулат. Өлкөдө спорттук объектилерди куруу жана реконструкциялоо иштери уланууда. Жаңы комплекстер Бишкекте гана эмес, райондордо жана облустарда да курулушу керек.
Мамлекеттик агенттик буга чейин жетиштүү көңүл бурулбай келген олимпиадалык спорт түрлөрүн колдоону да кеңейтүүнү көздөп жатат. Алардын катарында сууда сүзүү, гимнастика, фехтование, каратэ жана башка спорт түрлөрү бар.
Чыгымдардын дагы бир багыты — 2028-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү. Спорт федерацияларынын алдына Кыргызстан үчүн кеминде 24, эң көп дегенде 30 олимпиадалык жолдомо алуу милдети коюлган.
Асанбаев федерацияларды мындан ары каржылоонун көлөмү алардын ишине жана спорттук жыйынтыктарына да жараша болорун белгиледи.
