«Дордой» клубу 11-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди
19 сентябрь

«Дордой» клубу 11-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди

Кара-Суу шаарынын «Манас» стадионунун ачылыш аземин улай 18-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын финалы орун алып, анда «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад ш.) жана «Дордой» (Бишкек ш.) командалары кез келди.

Аземге президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Беттеш кошумча таймдарга өтүп (0-0) «Дордой» клубунун 2-1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Беттештин мыкты оюнчусу болуп Владислав Кобылянский таанылды.

Оюндан кийин командаларды сыйлоо аземи орун алып, беттештин расмий өкүлдөрүнө жана командаларга медалдарды жана Кубокту өлкө президенти Садыр Жапаров өз колунан тапшырды.

Ошенип, бишкектик «Дордой» он биринчи ирет өлкө Кубогунун ээси болду. Клубка бул мелдеште жеңгендиги үчүн 50 000 $ сертификаты КФБ тапшырды.