Бишкекте шаар тургундары арасында сүзүү боюнча ачык турнир өттү
Бишкеткеги «Дельфин»ОРАБӨСМ спорт мектебинин бассейнинде бүгүн, 23-июлда 13 жаштан 15 жашка чейинки (2012–2014-жылкы) курактагы шаар тургундарынын арасында сүзүү боюнча ачык турнир өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Виктория Мозгачева катышуучуларга кайрылып, ийгилик жана жогорку жыйынтыктарды каалап кетти.
Өз сөзүндө мындай мелдештердин шаар тургундарынын саламаттыгын чыңдоого жана массалык спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле катышуучуларды өздөрүнө чоң максат коюп, аларга жетүүгө умтулууга чакырды.
Мелдештин негизги максаты – шаар тургундарынын арасында сүзүүнү жайылтуу, активдүү жана дени сак жашоо образын калыптандыруу, ошондой эле Бишкекте спорт маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.
Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Талантбекова Камила;
2-орун: Натальченко Вера;
3-орун: Муркаева Амина.
Уландар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Шайлообеков Аяз;
2-орун: Зелененко Артём;
3-орун: Ысмаилов Байэль.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланды.
Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.
