Бишкектик параармрестчилер дүйнө чемпионатында жеңишке жетишти
19 сентябрь

Бишкектик параармрестчилер дүйнө чемпионатында жеңишке жетишти

Ушул жылдын 10–23-сентябрь аралыгында Болгариянын Албена шаарында параармрестлинг боюнча дүйнө чемпионатынын 27-жолку турнири өтүп жатат.

Бул мелдеш дүйнөлүк спорт календарынын маанилүү иш-чараларынын бири болуп саналат.

Мелдешке Теннис, паралимпиада жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетишти:

  • Токтосун уулу Бекбоосун — Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң жетишкендикке жетип, чоңдор арасында кыймыл аппараты бузулган спортчулардын 60 кг чейинки салмак категориясында (сол кол) 1-орунду ээледи.
  • Камчыбек уулу Эрлан — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 кг чейинки салмак категориясында (сол кол) 3-орунду ээледи.

2025-жылдын 17-сентябрында мелдештер «оң кол» боюнча улантылып, кыргыз спортчулары дагы бир ирет байгелүү орундарды камсыздашты:
- Токтосун уулу Бекбоосун — кыймыл аппараты бузулган чоңдор арасында 60 кг чейинки салмак категориясында (оң кол) 3-орун.
- Камчыбек уулу Эрлан — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 кг чейинки салмак категориясында (оң кол) 3-орун.