Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 64 млн сомду түзөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 сентябрь

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 64 млн сомду түзөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасында жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоого 64 млн сом өлчөмүндө байге фонду каралган. Бул тууралуу уюштуруучулар Бишкекте өткөн брифингде билдиришти.

Байге каражаттары спорттун түрлөрүнө жана мелдештердин жеңүүчүлөрүнө бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, спортчулар медалдар жана эстелик белектер менен сыйланат. Учурда медалдарга буйрутма берилип, даярдоо баскычында турат.

Уюштуруучулар демөөрчүлөр жана спорт федерациялары менен иш алып барууну улантууда. Алар айрым спорт түрлөрү боюнча байге каражаттарынын көлөмүн кошумча көбөйтүшү мүмкүн.

Акчалай сыйлыктарды жеңүүчүлөргө атайын банктык карталар аркылуу которуу пландалууда.